Биз кызматкерлерди окутууга жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Компания өзүнүн «корпоративдик институтун» жана «насаатчылык институтун» ишке киргизди. Ар кандай кызматтарда иштеген кызматкерлер продукция боюнча окуулардан, квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүшөт, андан тышкары «Менеджерлер мектеби», «Соода агентинин мектеби» ачылды. Биз компетенттүү жана үйрөтүлгөн кызматкерлер эффективдүү иштешине, ошондой эле компаниянын башка кызматтарына оңой жылышып, мансаптык тепкичти көтөрөөрүнө ишенебиз.